New York Times гезитинин журналисти Меланья Трамптан кечирим сурады

© REUTERS / Carlos BarriaПрезидент США Дональд Трамп и первая леди Мелания Трамп
Президент США Дональд Трамп и первая леди Мелания Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Басылманын редакторлору журналисттин кылыгын акылга сыйбаган кадам деп баалап, ага сөгүш беришкен.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. New York Times гезитинин журналисти Жейкоб Бернштайн АКШнын биринчи айымы Меланья Трампты "сойку" деп атаганы үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

Эске салсак, журналист Нью-Йоркто өткөн мода жумалыгында Меланья Трамптын дарегине карата адепсиз сөздөрдү айткан. Анын айткандарын модель Эмили Ратаковски угуп калып, Twitter баракчасына жазган.

"Мен New York Times гезитинин журналисти менен чогуу отуруп калганда ал мага Меланья Трамп сойку деп айтты", — деп жазган ал.

Басылманын редакторлору журналисттин кылыгын акылга сыйбаган кадам деп баалап, ага сөгүш беришкен.

Ал эми журналист өзүнүн Twitter баракчасынан кечирим сураган.

Жаңылыктар түрмөгү
0