Бириккен Араб эмирлигинин Афганистандагы элчиси терактыдан улам каза болду

© AP Photo / Rahmat GulАфганистандын тез жардам автоунаасы. Архив
Афганистандын тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-январда Кандагар шаарында болгон жардыруудан 11 киши каза болуп, 16 адам түрдүү жаракаттарды алган. Каза болгондордун арасында эмирликтин беш дипломаты бар. Ал эми элчи оор жаракат алган.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Бириккен Араб эмирлигинин Афганистандагы элчиси каза болгонун эми БАЭдин президентинин иши боюнча министрлик тастыктап, элчи Кандагардагы теракт учурунда алган жаракатынан кайтыш болгонун билдирди. Бул тууралуу РИА Новости WAM маалымат агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

10-январда Кандагар шаарында болгон жардыруудан 11 киши каза болуп, 16 адам түрдүү жаракаттарды алган. Каза болгондордун арасында эмирликтин беш дипломаты да бар. Ал эми элчи оор жаракат алган. Жарылуу Кандагар провинциясынын губернаторунун конок үйүндө болгон. Жарылуу болгон учурда эмирликтин дипломаттары гуманитардык миссиясы менен жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0