АКШда жапайы багыш сноубордисттерди артынан кууду

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүБагыш. Архив
Багыш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жапайы багыштын куугунга түшкөнүн Скотт Аскинг Instagram баракчасына жарыялаган. Ал досу менен тоодон ылдый зуулдата сноуборд тээп келе жатканда окуяга күбө болушкан.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Тоодо сноуборд тээп жүргөн эки кишини жапайы багыш кубалаганы тартылган видео интернетке жарыяланды. 

Daily Telegraph басылмасынын маалыматы боюнча окуя Вайоминг штатындагы Жексон-Хоул тоо-лыжа курортунда болгон.

Жапайы багыштын алардын артынан чуркаганын Скотт Аскинг Instagram баракчасына жарыялаган. Досу менен тоодон ылдый зуулдата сноуборд тээп келе жатканда күбө болгон окуядан аман-эсен калган кубанычын жашырган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0