Whatsapp Дубайдагы кыргыз кыздарды сексуалдык кулчулуктан сактап калды

© Sputnik / Табылды КадырбековОтправка местонахождения в приложении WhatsApp
Отправка местонахождения в приложении WhatsApp - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык кыздар Дубайга өткөн жылдын июль айында барышкан. Алар акыркы жолу орношкон жумушунда сексуалдык кулчулукка кабылышкан.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Дубайда сексуалдык кулчулукка кабылган бир нече кыргызстандык кыз Whatsapp тиркемесинин геолокация (жайгашкан жерди аныктоо) функциясынын жардамы менен табылды. Бул тууралуу Gulf News агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кыргызстандык кыздар өткөн жылдын июль айында Бириккен Араб Эмираттарына жумуш издеп келишкен. Бул аралыкта алар бир нече иш алмаштырууга жетишкен. Кийин аларга Dubai International City кварталындагы мейманканалардын биринен жумуш сунушталган.

"Көрсө аларды иш берүүчүлөр алдап койгон экен. Кыздар жаңы ишке келгенден кийин кулчулукка тушукканын түшүнүшкөн", — деп жазылат маалыматта.

Манас аэропортунун учуп келүү залы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дубайда сойкулукка мажбурланды делген кыз Кыргызстанга келди
Алдамчылыкка кабылганын сезген кыздардын бири Кыргызстандагы байкесине Whatsapp аркылуу геолокациялык маалыматтарын жиберүүгө үлгүргөн. Жабырлануучунун жакыны Кыргызстандын Дубайдагы консулдугу менен байланышканда алар БАЭнин тиешелүү органдарын издөө иштерине тарткан.

Тергөө иштеринин натыйжасында кыздарды сойкулукка мажбурлаган  Бангладештин27 жаштагы жараны кармалып, кулчулуктан бир нече кыргызстандык кыз чыгарылган. Бирок алардын так саны айтылган эмес. Учурда шаардык прокуратура тарабынан соттук териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0