Кончита Вурст аялдын образынан арылат

© AFP / NICOLAS MAETERLINCK / BELGAДүйнөгө Кончита Вурст деген ат менен таанымал, австриялык ырчы Томас Нойвирт
Дүйнөгө Кончита Вурст деген ат менен таанымал, австриялык ырчы Томас Нойвирт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчы эми сахнага эркекке анча-мынча окшошуп чыга баштайт.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Австриялык ырчы Томас Нойвирт "Евровидение" сынагында жеңишке жеткенден кийин дүйнөгө Кончита Вурст деген ат менен таанылган. Эми Нойвирт бул аттан баш тарта турганын билдиргенин Welt am Sonntag басылмасы билдирди.

Ырчынын айтымында, эми ага "сакалчан аялдын" муктаждыгы жок.

"Мен өзүмдө жаңы бир нерсе жасоо керектигин түшүнүп турам. Ал менин азыркы кейпимден такыр башкача болот. Жаңы имидждин үстүндө көптөн бери иштеп жатам. Мен Кончитаны жок кылышым керек", — деди ал.

 

Ырчы өзүнүн Instagram баракчасына жаңы сүрөттөрүн жарыялай баштады.

 

Белгилей кетсек, Нойвирт 2014-жылы "Евровидение" сынагында Rise Like a Phoenix ыры менен жеңишке жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0