Дүйнөдө жыл сайын 230 миң бала онкологиялык ооруга чалдыгып, 100 миңи каза болот

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо тармагына көп каражат бөлүнгөн мамлекеттерде рак илдетине 10 бала кабылса анын сегизи жакшы болуп кетерин адистер айтышат.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Жыл сайын дүйнө боюнча 200 миңден ашык бала рак илдетине чалдыгарын жана бул маалыматтарга олуттуу маани берилбей жатканын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жугуштуу эмес оорулар боюнча бөлүм башчысы Светлана Юрасова билдиргенин РИА Новости маалымдады. 

"Рак илдетине чалдыккан балдар боюнча маалыматтарга олуттуу көңүл бурулбай жатканын былтыр айтышкан. Тактап айтканда жыл сайын 230 миң бала рак илдетине чалдыгат. Алардын ичинен 15 жашка чыга электердин саны 215 миң. 15 жаштан 19 жашка чейин болсо 85 миң баланы түзөт. Ал эми жыл сайын рак илдетинен 100 миң бала каза болот", — деди Юрасова.

Ал ошондой эле саламаттык сактоо тармагына көп каражат бөлүнгөн мамлекеттерде рак илдетине 10 бала кабылса анын сегизи айыгарын баса белгиледи.

Юрасова өз сөзүндө рак илдетине чалдыккан балдардын санын так аныктоо мүмкүн эместигин, себеби, өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде мындай дартка кабылган балдардын тизмеси жок экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0