АКШ: ажырашып, кыйналып жатканын жар салган учкуч аял каттамдан четтетилди

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАэропорттогу учак. Архив
Аэропорттогу учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аялдын ачыктыгынан улам, чуу түшүп, каттам бир жарым саатка кармалып, учак андан соң гана абага көтөрүлгөн.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. АКШнын Остин аймагында United Airlines авиакомпаниясы президенттик шайлоо жөнүндө пикирин билдирип жана ажырашуу азабын тартып жаткан учкуч аялды каттаммдан четтетти. Бул туурасында РИА Новости NBC каналына таянып кабарлады. 

Окуя ишемби күнү болгон. Ага күбө болгондордун айтымында, Остинден Сан-Франциского багыт алган 455-каттам учурунда салонго кирген жүргүнчүлөр сыяктуу кийинген аял отургандарга ички байланыш аркылуу кайрылган.

Ал президенттик шайлоодо Клинтонго да, Трампка да добуш бербегендигин, алар "топтошуп алган калпычылар" деген пикирин айткан.

Анын "Кечирип койгула, мен азыр ажырашып кыйналып жүрөм", — деген сөзү бир катар жүргүнчүлөрдү учакты таштап чыгып кетүүгө аргасыз кылган.

Бул окуя тууралуу алардын бири Рэнди Райс Twitter баракчасына жазып, бир аздан кийин тартып алган видеосун койгон.

"Мен калчылдап калдым. Азыр эле United Airlines компаниясынын 455-каттамына бекитилген учактан чыгып кеттим. Себеби, учактын капитаны психикалык абалы жакшы эмес экендигин көрсөттү", — деп жазган.

Тажрыйбалуу бортинженер Үрүстөм Жусупбеков - Sputnik Кыргызстан
Бортинженер: ажо менен өкмөт мүчөлөрүнүн абадагы коопсуздугу бизден көз каранды
Видеодон аял алгач, аба кемесин экинчи учкуч башкара тургандыгын айтып, андан соң Райска аны ыза кылып албагандыгын сурап, кайрылганын көрүүгө болот.

Райс чыга жөнөгөн соң, анын артынан салондогу жүргүнчүлөрдүн жарымы чыккан.

Берки жүргүнчү муну менен жөн калбай, аэропорттун ичинен аялды кантип каттамдан четтеткендигин да тартып алган.

Бир нече убакыттан кийин United Airlines учкуч аялды башкасы менен алмаштыргандыгын кабарлаган. Аялдын ачыктыгынан улам, чуу түшүп, каттам бир жарым саатка кармалып, учак андан соң гана абага көтөрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0