АКШдагы президенттик шайлоодо мыйзамсыз добуш берген мигрант 8 жылга кесилди

© Sputnik / Марк Оваска / Медиабанкка өтүүАКШдагы президенттик шайлоо. Архив
АКШдагы президенттик шайлоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ортега АКШга баласы менен келип анда туруктуу жашоого уруксат берген грин-карта менен жүргөн.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Шайлоодо эки жолу мыйзамсыз добуш берген мигрант аял АКШнын Техас штатында узак убакытка эркинен ажыратылды. Бул туурадуу РИА Новости New York Times гезитине таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, Роза Мария Ортега 2012-2014-жылдары өткөн президенттик шайлоодо мыйзамсыз добуш бергендиги үчүн сегиз жылга эркинен ажыратылып, мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин АКШдан депортацияланмай болду.

"Соттолгон аялдын төрт баласы жана өзүнөн 10 жаш кичүү күйөөсү бар. Ортега АКШга баласы менен келип анда туруктуу жашоого уруксат берген грин-картасы болгон. Эми эрежеге ылайык, ал грин-картасынан ажыратылат", — деп жазылат маалыматта.

Ортеганын жактоочусу анын кардары үчүн өтө оор жаза берилгенин айтып, ал грин-карта менен шайлоого катышпай турганын билген эмес деп актаган.

Айыпка жыгылган аял Республика партиясына мүчө катары катталган жана 2012-жылы республикачылардан чыккан талапкер Митт Ромниге добуш берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0