16:45 12 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8469
  • EUR77.0062
  • RUB1.0939
Грециядагы байыркы шаар. Архивдик сүрөт

Грецияда уурдалып кеткен байыркы саркофагды АКШ кайтарып берди

© Sputnik / Алексей Даничев
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
7720

АКШнын армиясынын полковниги Мэтью Богданос байыркы эстеликтин баасы 500 миң долларга баалана турганын айткан.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. АКШ Грецияга баасы жарым миллион долларды түзгөн байыркы саркофагтын бөлүгүн өткөрүп берди. Бул тууралуу РИА Новости ANT1 телеканалына шилтеме берип кабарлады.

Аталган мрамор саркофагы 1988-жылы Грециянын Салоники шаарынын аймагынан уурдалып, Нью-Йорктон табылган.

Анда туруп турган эркек адамдын жана атчан чабандестин элестери чагылдырылган. Саркофаг табылгандан 28 күн өткөндөн кийин ээлерине дароо өткөрүлүп берилгенин Нью-Йорктогу Грециянын башкы консулу Константинос Кутрас билдирди.

Ал эми АКШнын армиясынын полковниги Мэтью Богданос байыркы эстеликтин баасы 500 миң долларга баалана турганын айтып, алгач ал Европада болуп андан соң Нью-Йоркко өткөрүлгөнүн кошумчалаган.

Нью-Йорктун прокурору Сайрус Вэнс байыркы эстеликти өткөрүп берген галереянын ээси камалбай турганын анткени ал саркофагты Грецияга өткөрүп берүүнү өзү сунуштаганын билдирди.

Тема боюнча

Саймалуу-Таштан алтын казуу: тараза ташында тарыхый эстеликтер жана экономика
Белгилер:
уурдоо, эстелик, Греция, Нью-Йорк

ЭҢ МААНИЛҮҮ