Кытайдын зоопаркындагы чаначтай семиз жолборстордун видеосу

Жазылуу
Видеодон семиз жолборстордун кантип убакыт өткөрүп жатканын көрүүгө болот.

Буга чейин кытайдын Харбин провинциясынан семирип кеткен сибирь жолборстору табылып, сүрөттөрү интернетке таркап кеткен.

Рыба-рогозуб по кличке Granddad в аквариуме Чикаго - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдөгү эң кары аквариум балыгы 90го чыгып өлдү
Зоопаркка барган жарандар менен социалдык тармактын колдонуучулары жаныбарларга Кытай жаңы жылын майрамдоо учурунда көп тамак берилгенин болжошкон. Көпчүлүк ашыкча салмак жолборстордун саламаттыгына терс таасир тийгизет деп чочулаганы менен зоопарктын кызматкери Лю Дэндин айтымында кабатыр болуунун кажети жок.

Сибирь жолборстору Харбинде болчу кышка даярдык көрүү үчүн атайылап ашыгы менен азык жешет. Кышкысын бул аймакта аба ырайынын температурасы —20 градуска чейин төмөндөйт.

ЖМКлар жаныбарлар жай айларында кайрадан өз калыбына келерин жазып чыкты. Сибирь жолборстору багылган зоопарк Кытайдагы эң ири парктардын бири болуп эсептелип, аянты миллион чарчы метрге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0