Эки айдан кийин Түркияда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өтөт

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүВолейбол. Отборочный турнир к Олимпийский играм 2016. Женщины. Матч Турция - Нидерланды
Волейбол. Отборочный турнир к Олимпийский играм 2016. Женщины. Матч Турция - Нидерланды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баш мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр көп добуш алып, күчүнө кирип калса, анда 2019-жылдан тарта президенттин ыйгарым укуктары көбөйүп, вице-президентти, министрлерди жана жогорку даражадагы атка минерлерди өзү дайындап калат.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Түркиянын Жогорку шайлоо кеңеши Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду өткөрүү күнүн 16-апрелге белгилегенин РИА Новости жазды.

Буга чейин түрк парламенти көпчүлүк добуш менен башкаруунун президенттик формасына өтүүгө өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун колдоп берип, президент Тайип Эрдоган кол койгон.

"Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинде өтмөй болду", — деп жазылат Жогорку шайлоо кеңешинин маалыматында.

Өлкөнү парламенттик башкаруудан, президенттик башкаруу системасына өткөрүү боюнча Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин парламентте башкаруучу Акыйкат жана өнүгүү (ПСР) партиясы киргизген.

Эгер Баш мыйзамга киргизилип жаткан бул өзгөртүүлөр апрель айында өткөрүлө турган референдумда күчүнө кирип калса, анда 2019-жылдан тарта президенттин ыйгарым укуктары көбөйүп, вице-президенттен тарта министр жана жогорку даражадагы атка минерлерди президент өзү дайындап калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0