БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кытайдын Хубэй провинциясынын алты аткаминери жалкоо жана эптемей менен иштеген кызматкерлерине түрткү берүү үчүн уюштурулган чогулушта уктап калганы үчүн жазаланды. Бул туурасында РИА Новости Ecns.cn порталына шилтеме кылып кабарлады.
Окуя Сянъян округунда болгон. Уктап калган кишилердин бири Кытайдын коммунисттик партиясынын шаардык пландоо боюнча бюросунун катчысынын орун басары дешти. Экинчи дагы бир "уйкучу" муктаж жарандарга субсидия берген фондусунун директорунун орун басары болуп иштеген.
Жазага тартылган мамлекетик кызматкерлер эми эл алдында кечирип сурап жана шаардык комитетке өзүнө сын көз менен карап турган катты жибериши керек. Мындай чечимди компартиянын жергиликтүү бөлүмү чыгарган.