05:42 21 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8030
  • EUR77.3278
  • RUB1.0452
Ноутбукта иштеп жаткан адамын архивдик сүрөтү

Түркиялык хакер Америкада кибер уурулук үчүн сегиз жылга кесилди

© flickr.com / hackNY.org
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
10510

Киберууру былтыркы жылдын март айында бир канча айып тагылгандан кийин күнөөсүн мойнуна алган.

БИШКЕК, 11-фев — Sputnik. Нью-Йорк шаарынын соту түркиялык хакер Эркан Финдикоглуну кибер уурулугу үчүн сегиз жылга кести. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме кылып кабарлады. 

Финдикоглунун америкалык банкоматтардан шыпырган акчасы 55 миллион долларга жакын экени айтылды.

Киберууру былтыркы жылдын март айында бир канча айып тагылгандан кийин күнөөсүн мойнуна алган.

Прокурордун айтымында, айып тагылып жаткан түркиялык жаран лидерлик кылган бул уурулук киберчөйрөнүн арасында "өтө ийгиликтүү" жасалган деп эсептелинет. Кредиттик жана процессинг фирмаларынын компьютерлерине кирүүгө мүмкүнчүлүк алган бул топ аны менен катар эле банкоматтардан акчаларды чыгарып кетип жүрүшкөн.

Тема боюнча

Террористтер хакерлердин торуна түштү
Белгилер:
сот, кылмыш, акча, киберкылмыштуулук, Түркия

ЭҢ МААНИЛҮҮ