Кытайда жапайы пилдин кол салуусунан эмгек мигрант каза тапты

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүПилдер. Архив
Пилдер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайдагы жапайы пилдер атайын коргоого алынган. Алар Сишуанбаньна уэздин жана Пуэр менен Линьцан шаарларын байырлайт. Кыш мезгилинде азык издеп айылдарга чейин кирип келген учурлар арбын кездешет.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кытайдын түштүк батышындагы Юньнань провинциясында иштеп жүргөн эмгек мигрантына жапайы пил кол салып, натыйжада жаран көз жумду. Анын денесин куткаруучулар таап чыкканын Риа Новости Синьхуа агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Окуя бейшемби күнү Цзинхун шаарында катталган. Бийлик органдары пилдин адамга кол салуусу боюнча маалыматты жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат бештерде алышкан.

"Жумушчулардын бири бакка чыгып алып жардамга киши чакырган. Саат 19.40 чамасында куткаруучулар аны аман алып калышкан, бирок жанындагы дагы бир жумушчу жоголуп кеткен. Куткаруучулардын айтымында, ага пил кол салган. Алар убагында токойго кире алышпай, адамды дрондун жардамы менен издешкен", — деп жазылат маалыматта.

Зоопарктагы жолборс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайда зоопарктагы жолборстор кишини чайнап салды
Кытайдагы жапайы пилдер атайын коргоого алынган. Алар Сишуанбаньна уэздин жана Пуэр менен Линьцан шаарларын байырлайт. Кыш мезгилинде азык издеп айылдарга чейин кирип келген учурлар арбын кездешет.

Токой чарба башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2011-жылдан 2015-жылга чейин Юньнань провинциясында пилдерге байланыштуу 48 миң окуя катталган. Жандыктардын кол салуусунан 18 адам көз жумуп, 27си жарадар болгон. Ал эми өлкөгө 14 миллион долларлык зыян келтирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0