Таиланд бекер туристтик виза берүү мөөнөтүн жарым жылга узартты

© AFP / PORNCHAI KITTIWONGSAKULТаиландагы Патонг пляжындагы эс алуучулар. Архив
Таиландагы Патонг пляжындагы эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы эрежелер узаган жылдын декабрь айында ишке кирип, февраль айына чейин улана турганы айтылган.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Таиланддын өкмөтү бир жолку бекер туристтик визаларды берүү мөөнөтүн дагы жарым жылга узартканын жергиликтүү Bangkok Post порталы жазып чыкты. 

Өзбекстандын желегин кармаган жарандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан 27 мамлекет үчүн виза режимин жокко чыгарды
Буга чейин 2016-жылдын 1-декабрынан тарта өлкө жетекчилиги бир жолку туристтик виза сурагандардан каражат алууну токтоткон. Мындай эреже үстүбүздөгү жылдын 28-февралына чейин күчүндө болмок.

Жакында эле Таиланддын өкмөтү жаңы чечим кабыл алды, ага ылайык визасыз режим 31-августка чейин узартылды.

Кыргызстандын жарандары аталган өлкөгө турист катары баруу үчүн Таиланддын Бишкектеги консулдугуна барып виза алышса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0