Трамп: АКШнын кетирген катачылыгынан улам көп киши каза болду

© AFP / Brendan SMIALOWSKIПрезидент США Дональд Трамп
Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дональд Трамп Ирактагы согушка башынан эле каршы болуп келгенин айтты.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. АКШнын кетирген катасынан улам көптөгөн киши каза болгонун президент Дональд Трамп Fox News телеканалына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.

Бул тема журналист Трамптын Россиянын президенти Владимир Путинге болгон урматы тууралуу берген суроосунан улам  көтөрүлгөн. Теле алып баруучу Россиянын президентин "адам өлтүргүч" деп айтканда, Трамп "адам өлтүргүчтөр толтура, биздин мамлекет деле андай аппак эмес" деп жооп берген.

"Келгиле, биз эмне кылганыбызга бир саресеп салып көрөлү. Көп ката кетирдик. Мисалы, мен башынан эле Иракта болгон согушка каршылыгымды билдирип келгем", — деди ал.

Журналист аталган нерселердин болгону "ката гана экенин айтып, бул адам өлтүрүүгө жатпай турганын" билдирген. Бирок Трамп "Макул. Бирок, көп киши каза болбодубу. Ишенип коюңуз, биздин айланабызда адам өлтүргүчтөр толтура" деп жооп кайтарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0