Түркия: "Ислам мамлекетине" байланыштуу деген шек менен 400 киши кармалды

© Sputnik / OSMAN ORSALТүркиянын полиция кызматкерлери. Архив
Түркиянын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейинки маалыматта кармалган 60 кишинин көбү чет элдиктер болуп чыкканы айтылган.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Түркия полициясы террорчулукка каршы операция учурунда "Ислам мамлекетине" байланышы бар деген шек менен 400 кишини кармады. Бул туррасында РИА Новости DHA агенттигине шилтеме кылып билдирди. 

Буга чейинки маалыматта Анкарада "Ислам мамлекети" террордук уюму менен байланышы бар деп кармаган 60 кишинин көбү чет элдиктер болуп чыкканы айтылган. 

Террорчулукка каршы операциялар Түркиянын түштүк-чыгышындагы Шанлыурфа шаарында 150 киши, ал эми Адана, Конья, Чорум, Элазыг, Бурса аймактарында да бир нече адамдар кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0