Дубайда жекшемби "Машинасыз күн" деп жарыяланды

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүГорода мира. Дубай
Города мира. Дубай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай демилге биринчи кезекте өкмөттө иштегендерге тийиштүү. Акцияны колдогондор шаар бийлигинин расмий сайтына кирип каттала алышат.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Дубайдын бийлиги 5-февралды "Машинасыз күн" деп жарыялаганын РИА Новости Khaleej Times басылмасына шилтеме берүү менен билдирди.

Бул күнү шаар тургундарын автоунаадан баш тартып, жаратылышты жана айлана чөйрөнү коргоого чакырышат. Акцияны колдогондор үчүн шаар бийлиги кайрымдуулук үчүн акча бөлүп, бак отургузат. Азырынча канча каражат которулары боюнча так маалымат жок.

Мындай демилге биринчи кезекте өкмөттө иштегендерге тийиштүү. Акцияны колдогондор шаар бийлигинин расмий сайтына кирип каттала алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0