4 млн. евролук шакегин жана миллиондорун уурдаткан Кардашьян сотто көрсөтмө берди

© Sputnik / Асатур Есаянц / Медиабанкка өтүүАмерикалык реалити-шоу Ким Кардашьяндын архивдик сүрөтү
Америкалык реалити-шоу Ким Кардашьяндын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кардашьяндын миллиондорун уурдоого батынган деп кармалгандардын эң кичүүсү 54 жашта болгон.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Франциялык сот америкалык реалити-шоу Ким Кардашьяндын Нью-Йорктогу мейманканада уурдалган буюмдары боюнча анын өзүн көрсөтмө берүүгө чакырды. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме кылып кабарлады. 

Сот жабырлануучуну болжол менен ушулар уурдады деген шектүүлөрдүн сүрөтүн көрсөтүп, тастыктама алуу ниетинде чакырган. TMZ порталы буга Кимдин жактоочулары да катышканын жазды.

Сумка көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыздын сумкасын тартып алды делген үч киши кармалды, алардын бири — таксист
Кардашьяндын буюмдарын өткөн жылдын 3-октябрында Париждин чакан меймканаларынын биринен "шыпырып" кетишкен. Ал кутуга салынган жалпы суммасы 5 миллион еврону чапчыган баалуу буюмдары жана 4 миллион долларлык шакеги уурдалганын айткан. Андан сырткары, эки чөнтөк телефон жоголгон.

Маалыматтарга караганда, беткап тагынып, полиция формасын кийген кишилер кирип келип, Кардашьянды жуунган бөлмөгө камап, андан соң буюмдарды уурдай качкан. Жабырлануучунун өкүлү анын катуу коркуп калганын билдирген.

9-январда LCI телеканалы уурулукка катышы бар деп шектелгендер кармалгандыгын, алардын эң кичүүсү 54 жаштагы киши болгонун кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0