Обама Трамптын жарлыгына каршы митингди колдоду

© Sputnik / Михаил Метцель/POOL / Медиабанкка өтүүАКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын архивдик сүрөтү
АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын президенти Дональд Трамп Американын качкындарды кабыл алуусун 120 күнгө токтоткон жана өлкөгө кирүү эрежелерин татаалдаткан жарлыкка кол койгон.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Барак Обама азыркы өлкө башчы Дональд Трампка каршы митингди колдоду. Бул тууралуу РИА Новости Politico басылмасына таянып билдирген. 

Жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү АКШнын айрым шаарларында Трамптын Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн жана Түндүк Африкадан келген качкындарды киргизүүгө тыюу салган жарлыгына каршы акциялар уюштурулган.

Каршылык акциялары Бостон, Майами, Нью-Йорк, Вашингтон, Филадельфия, Хьюстон, Детройт, Лос-Анджелес жана Атлантада өткөн.

"Президент Обама ишеним, дин жагынан укук бузулуп жатканына караманча каршы", — деп жазылат мурунку президенттин өкүлүнүн маалыматында.

АКШнын президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Американын ири компания башчылары Трамптын качкындар боюнча жарлыгына нааразы
Жума күнү АКШнын президенти Дональд Трамп Американын качкындарды кабыл алуусун 120 күнгө токтоткон жана өлкөгө кирүү эрежелерин татаалдаткан жарлыкка кол койгон. Трамптын сөзүнө караганда "экстремалдуу тандоо" деп аталган бул документтин максаты — "радикалдашкан мусулман-террорчуларды" өлкөгө киргизбөө.

Айрым маалымат булактарынын билдирүүсүнө караганда, документте Ирак, Иран, Сирия, Судан, Йемен, Ливия жана Сомали мамлекеттери тууралуу сөз болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0