Стамбул: жаран атасын өлтүргөн кишини ресторандан көрүп, атып салды

© REUTERS / OSMAN ORSALТүркиянын полиция кызматкери. Архив
Түркиянын полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрк басылмаларынын маалыматына ылайык, ок атуудан бир киши каза болуп, эки киши жаракат алган.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Стамбулдун Бейкоз Анадолу аймагындагы ресторандардын биринде ок атуу болгонун Sputnik Tүркия маалымат агенттиги билдирди.

Анын кесепетинен бир киши каза болуп, эки киши жаракат алган.

​Ал эми Hurriyet басылмасы ресторандан атасын 12 жыл мурда өлтүргөн кишини көрүп калган жаран ага карай ок чыгарганын жазды.

"Атылган октон жай жарандар дагы жабыркаган. Жаракат алган эки киши ооруканага жеткирилген. Ал эми ок тийген киши ооруканага баратканда каза болгон", — деп айтылат маалыматта.

​Аталган окуя жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:00дөр чамасында (Бишкек убактысы боюнча саат 19.00) болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0