21:45 20 Бирдин айы 2018
Түз эфир
БУУнун мурдагы башкы катчысы Пан Ги Мундун архивдик сүрөтү

БУУнун мурдагы катчысы Түштүк Кореянын президенти болуп калышы мүмкүн

© Sputnik / Сергей Гунеев
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
10511

Бириккен Улуттар Уюмунда 10 жыл иштеген Пан Ги Мун Түштүк Кореяга январдын башында кайтып келди.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Түштүк Кореянын парламенти БУУнун мурдагы башкы катчысы Пан Ги Мун мамлекетке президент боло ала тургандыгын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости Ренхап агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Парламенттеги адистер тобу Башкы ассамблеянын каршы пикирине карабастан Пан Ги Мун президенттик тактыны ээлей ала турганын билдирген.

Парламенттин иликтөө кызматы БУУнун 1946-жылы чыккан резолюциясын изилдеп, анда башкы катчылыктан кеткен адам мамлекеттик жогорку органдарда иштей албайт деген тыюу жок экенин билдиришти. Маалыматка караганда, документте БУУнун катчылык кызматынан кеткенден кийин жогорку кызматтарды ээлебөө сунуштамасы гана жазылган.

Бириккен Улуттар Уюмунда 10 жыл иштеген Пан Ги Мун Түштүк Кореяга январдын башында кайтып келди. Парламент 9-декабрда өлкөнүн президенти Пак Кын Хеге импичмент жарыялаганына байланыштуу Пан Ги Мун президенттикке талапкерлердин катарында экени айтыла баштаган.

Тема боюнча

Пан Ги Мун: Түндүк Кореядагы абал Сириядан да кооптуу болушу мүмкүн
Түштүк Корея Пан Ги Мунду өлкө президенти кылгысы келет
Белгилер:
президент, Пан Ги Мун, Түштүк Корея
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ