Норвегияда алгачкы ирет аскер аба күчтөрүн аял жетектемей болду

© Фото / Norwegian Armed ForcesГенерал-майор наамын алган 49 жаштагы Тонье Скиннарланд
Генерал-майор наамын алган 49 жаштагы Тонье Скиннарланд - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тонье Скиннарланд өткөн аптада расмий түрдө Норвегиянын аскер аба күчтөрүнүн жетекчиси болуп дайындалды.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Генерал-майор наамын алган 49 жаштагы Тонье Скиннарланд Норвегиядагы аскер аба күчтөрүн жетектеген алгачкы аял болду. Бул тууралуу РИА Новости жергиликтүү басылмаларга таянуу менен жазып чыкты. 

Түркиянын башкаруунун президенттик формасына өтүүсү боюнча Баш мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөрү парламентте талкууланып жатканда депутат аялдардын мушташы - Sputnik Кыргызстан
Түркияда депутат аялдар мушташа кетти
Скиннарланд өткөн жылдын октябрь айынан бери аталган кызматтын жүгүн аркалап келет. Анткени аскер аба күчтөрүнүн мурдагы жетекчиси Пера-Эгиля Рюгг каза болуп калган. Ошентип Скиннарланд өткөн аптада расмий түрдө жетекчи болуп дайындалды. 

Скиннарланд буга чейин НАТОнун атайын операцияларына катышып, Норвегиянын куралдуу күчтөрүндө иштеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0