Малайзияда чөгүп кеткен кеме туристтери менен табылды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүДеңиз. Архив
Деңиз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайдан чыккан кеме 28-январда Малайзиянын жээктеринде жоголгон.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Куткаруучулар Малайзиянын жээгинде кытай туристтери менен чөгүп кеткен кемени табышканын РИА Новости Синьхуа агенттигине шилтеме берүү менен билдирди.

Венециядагы канал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Венецияда сууга чөгүп бара жаткан качкынды туристтер каткырып карап турушкан
Белгилей кетсек, буга чейин Малайзиянын жээгинде 31 киши түшкөн кеменин чөгүп кеткени маалымдалган. Жүргүнчүлөрдүн 28и кытайлык туристтер болгон. Маалыматка ылайык, кеме 28-январда жоголуп кеткен.

Синьхуа агенттиги кеменин ичиндеги канча кишинин сөөгү табылганын так билдирген эмес. Ошентсе да андагы дээрлик бардык жүргүнчүлөрдүн денеси табылганын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0