Кытайда куш тумоосуна чалдыккан бейтап катталды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куш тумоосун жуктургандар Гуандун, Гуйчжоу, Хубэй, Хэнань, Цзянси жана Шандунь провинцияларында аныкталган.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Куш тумоосуна чалдыккан киши Кытайдын Хунань провинциясында аныкталганын РИА Новости Синьхуа агенттигине шилтеме берүү менен билдирди.

Тоок фабрикасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Японияда куш тумоосуна чалдыккан 500 миңден ашык тоок жок кылынды
Маалыматка ылайык, куш тумоосуна Хэнъян шаарынын тоок баккан 67 жаштагы тургуну кабылган. Анын абалы оор экени айтылат. Бул дартка аталган провинцияда жыл башынан бери 17 киши чалдыгып, бешөө каза болгон.

Андан сырткары, куш тумоосун жуктургандар Гуандун, Гуйчжоу, Хубэй, Хэнань, Цзянси жана Шандунь провинцияларында жана Шанхай менен Гонконг шаарларында табылган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча куш тумоосуна канаттуулар кабылат, оорунун белгилери көп байкалбайт. Айрым учурларда бул тумоо жаныбарлар менен кишилерге дагы жугушу мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0