Дональд Трамп Ак үйдөгү жашоосу тууралуу айтып берди

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүАКШнын Ак үйү. Архив
АКШнын Ак үйү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Трамп учурда ал жакта жалгыз жашап, көп убактысын телевизор көрүү менен өткөрүп жатканын айткан.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik.  АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдөгү жаңы жашоосу тууралуу New York Times гезитине айтып берген. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Өлкө башчылыгына расмий киришикен Трамптын айтымында, ага Жон Кеннеди, Рональд Рейган, Билл Клинтон, Жорж Буш жана Барак Обама иштеген өкмөттүк телефондор жана Авраам Линкольн түнөгөн уктоочу бөлмө абдан жаккан.

"Ак үйдөгү телефондор мен өмүрүмдө көргөн эң кооз жана дүйнөдөгү эң коопсуз система", — деди Трамп.

Инаугурация президента  США в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
Меланья Трамп биринчи айым катары өзүнүн алгачкы твитин жазды
Президент учурда өзүнүн Twitter баракчасына кирген эски телефонун колдонуп жатканын, Ак үйдө жалгыз жашап, көп убактысын телевизор көрүү менен өткөрүп жатканын айткан.

АКШ президенти мурдагыдай эле алтыга жетпей ойгонуп алгач телевизордон жаңылыктарды көрүп, гезит окуй турганын белгиледи.

Жубайы Мелания Трамп уулу Бэррондун окуусуна байланыштуу инаугурациядан эки күн өткөн соң Нью-Йорк шаарына кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0