Москвада кош бойлуу келин 14-кабаттан секирип каза болду

© flickr.com / Tatiana VdbОткрыт ген, который является основным виновником выкидышей
Открыт ген, который является основным виновником выкидышей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
25-январь күнү кечинде Москванын түштүк-чыгыш аймагындагы көп кабаттуу үйдүн жанынан боюнда бар аялдын сөөгү табылган.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Москвада тергөөчүлөр кош бойлуу аялдын өлүмүнүн себептерин иликтеп жатканын РИА Новости Россиянын Москва шаары боюнча тергөө комитетинин жетекчи орун басары Юлия Ивановага шилтеме берип кабарлады.

"25-январь күнү кечинде Верхние Поля көчөсүндөгү үйлөрдүн жанынан кош бойлуу аялдын сөөгү табылган. Анын денесинде бийиктиктен кулагандай жаракаттар болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, келин туугандары менен батирде турган", — деди Иванова.

Агенттиктин укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булагынын берген маалыматы боюнча, аял 14-кабаттан секирип кетиши мүмкүн.

Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип, аялдын туугандары жана коңшулары сурак берип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0