Түркия: Сириянын түндүгүндө 65 согушкер жок кылынды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүАлеппо шаары, Сирия. Архив
Алеппо шаары, Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматта "Еврат калканы" операциясынын башталышынан кийин түрк аскерлери менен аларды коргогон "Сириянын эркин армиясы" үч миңден ашуун жарылуучу заттарды, 55 минаны коопсуздандырганы айтылат.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан алардын армиясы Алеппонун Эль-Баб районунда аскердик операцияны аяктап, анда "Ислам мамлекетинин" 65 согушкери жок кылынгандыгын билдирген. Бул туурасында Синьхуа маалымат агенттиги жазды. 

Президент Турции Тайип Эрдоган - Sputnik Кыргызстан
Эрдоган: АКШ коалициясы "Ислам мамлекетин" колдогону боюнча далилдер бар
Маалыматта Түркиянын Сириядагы террорчулукка каршы операцияларга катышып жаткан аба жана кургактагы аскер күчтөрү Эл аралык коалиция менен биргеликте "Ислам мамлекети" террордук уюмуна сокку урганы айтылат. Андан улам согушкерлердин бир катар объектилери менен соккудан баш калкалай турган жайлары, курал сакталган кампалары талкаланган. 

Маалыматта "Еврат калканы" операциясынын башталышынан кийин түрк аскерлери менен аларды коргогон "Сириянын эркин армиясы" үч миңден ашуун жарылуучу заттарды, 55 минаны коопсуздандырганы айтылат. 

Белгилей кетсек, 24-августта Түркия "Евраттын калканы" аттуу операциясын Сирияда "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы жүргүзө баштаган. Ал эми расмий Дамаск азыркы операцияны Сириянын эгемендүүлүгүнө асылуу деп сындап келет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0