Сауд Аравиясынын королу өлкөгө жамгыр жаашы үчүн элди Кудайга сыйынууга чакырды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОткрытие после реконструкции главной мечети Москвы
Открытие после реконструкции главной мечети Москвы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушундай эле жамааттык сыйынууну өткөн кыштан бери жамгыр жаай элек Бириккен Араб Эмираттарында өткөрүшкөн.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кургакчылыктан улам Сауд Аравиясынын королу Салман бен Абдель Азиз Аль Сауд букараларын бул бейшембиде Кудайдан жаан-чачын сурап сыйынуу өткөрүүгө чакырды. Бул туурасында РИА Новости королдук концеляриянын билдирүүсүндө таянып жазды. 

"Король Салман бен Абдель Азиз келаткан бейшемби күнү элди өлкөнүн бардык жеринде жамгыр чакырып сыйынууга үндөдү. Тургундардын баары кетирген күнөөлөрү үчүн кечирим сурап, өздөрү да кечиримдүү болуп, Кудайга кайрылышы керек", — деп айтылат билдирүүдө.

Мурдараак ушундай эле жамааттык сыйынууну өткөн кыштан бери жамгыр жаай элек Бириккен Араб Эмираттарында өткөрүшкөн. Маалыматка караганда, ушул дем алыш күндөрү аталган аймакта анча көп эмес жамгыр жааган.

Жаңылыктар түрмөгү
0