Полиция Трампка каршы көчөгө чыккандарга карата газ колдонду

© REUTERS / STEPHANIE KEITHАКШнын жаны шайланган президенти Дональд Трампка каршы акцияга чыккан Нью-Йорк шаарынын жашоочулары
АКШнын жаны шайланган президенти Дональд Трампка каршы акцияга чыккан Нью-Йорк шаарынын жашоочулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вашингтондун борбордук райондорун караган парктардын улуттук кызматы нааразылыкка чыккан 350 миң кишини кабыл алууга даяр экендигин айтты.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Вашингтон полициясы жаңы шайланган Дональд Трампка каршы көчөгө чыккандарга карата газ колдонду. Бул туурасында РИА Новости Ассошиэйтед Пресс агенттигине таянып кабарлады. 

Избранный президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Трамптын инаугурациясына Кыргызстандан ким катышары белгилүү болду
Түндө инаугурация алдында Американын борборунда жаңы шайланган президенттин тарапташтары менен касташкандары кагылыша кетти. Жөөлөшүү журналисттер үчүн уюштурулган улуттук маалымат клубунун алдында, Трамптын тарапташтары кече уюштуруп жаткан жерде болгон. Алардан алыс эмес аймакка мамлекеттин жаңы башчысына каршы чыккандар чогулган. Эки тарап айтыша кетип, Трампты колдойм деп колуна желек көтөрүп турган кишини көздөй таштандыларды ыргытып, ал качканда артынан ат коюшкан. Полиция башкаруудан чыгып бара жаткан топту көзөмөлдөө иретинде химиялык таасири бар аэрозоль колдонгон.

Азырынча жабырлангандар тууралуу маалымат жок.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары Трампка карата чыккан бир топ каршылыктар жөнүндө жазган. 40 киши борбордук "К" көчөсү менен жүрүш жасаган. Чогулгандар Трамптын иммиграциялык саясатын сындап чыккан. Бирок бул нааразылык тынч мүнөздө полициянын коштоосунда болгон.

Дональд Трамптын инаугурациясы 20-январга белгиленген. Анда онго чукул нааразылык акциялары пландалып жатат. Вашингтондун борбордук райондорун караган парктардын улуттук кызматы нааразылыкка чыккан 350 миң кишини кабыл алууга даяр экендигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0