Актер Марат Башаров: мусулман экениме ар дайым сыймыктанам

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүПресс-конференция в рамках презентации романа и фильма "Герой"
Пресс-конференция в рамках презентации романа и фильма Герой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мусулмандардын жашоосун чагылдырган спектаклдин премьерасы 29-январь күнү Москванын "Крокус Сити Холл" концерттик залында өтөт.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Россиянын белгилүү актерлорунун бири Марат Башаров заманбап мусулмандардын жашоосун чагылдырган "Утерянное завещание" аттуу театралдык чыгармада башкы каармандардын биринин ролун жаратат. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан жазып чыкты. 

Ал мусулман кесиптештерин өз дининен уялбоого чакырып, ишенимди бек сактоо керек экенин белгилеген. 

"Ислам тууралуу такыр башкача ойдо болгон адамдарга бул дин тууралуу спектакль аркылуу айтып берүү мүмкүнчүлүгү мени абдан кызыктырды. Мусулман болуу жаман эмес. Тескерисинче, муну менен сыймыктануу керек. Мен ар дайым мусулман экениме, татар экениме үчүн сыймыктанып келем", — деди Башаров. 

Актер эки жылдан бери Россиядагы Мусулмандар дин башкармалыгы жана муфтийлердин кеңеши менен кызматташып келет. Башаров ошондой эле өткөн жылы "Разговор с душой" аттуу спектаклде ойноп жатып, бир нече жылдар мурун каза болгон апасы менен "сүйлөшкөнүн" билдирди. 

"Мен роль жаратып жатканда апам жанымда тургандай сезилди. Ал мага сахнадан жардам берип жатты. Жүрөгүм балкып, апам менен чер жаза сүйлөшкөндөй эле болдум", — деп айтып берди артист.

"Утерянное завещание" спектаклинин премьерасы 29-январь күнү Москванын "Крокус Сити Холл" концерттик залында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0