Кытайда 19 унаа кагышкан жол кырсыгы болду

© AP Photo / Ng Han GuanСкорая помощь в Китае
Скорая помощь в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кагышкандан кийин бир нече унаа өрттөнө баштаган.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Кытайда кеминде 19 унаа катышкан жол кырсыгынан алты киши каза болгонун Синьхуа агенттигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя өлкөнүн түштүк тарабындагы Гуандун провинциясындагы кан жолдо болгон. Өлгөндөрдөн тышкары, 15тей адам жаракат алганы айтылууда.

Кагышкандан кийин бир нече унаа өрттөнө баштаган. Учурда куткаруу операциясы уланып, кырсыктын чоо-жайын аныкталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0