Январдын башынан бери Европага 1159 мигрант келди

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКачкын. Архив
Качкын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы учурда Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка өлкөлөрүндөгү экономикалык көйгөйлөр жана согуштардан улам Европага бет алган качкындар менен мигранттардын саны өсүүдө.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Жыл башталгандан бери 12 күндүн ичинде Европага деңиз аркылуу миңден ашуун мигрант менен качкындар келген. Бул туурасында Эл аралык миграция уюмунун маалымат катчысы Джоэл Миллман айтканын РИА Новостиге билдирди.

Кала лагериндеги качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуу Британия качкын балдардын өлкөгө кирүүсүнө жаш курактык чек койду
Аталган уюмдун 2017-жылдын 12-январындагы маалыматында жыл башынан бери Европага деңиз аркылуу өтүп келген мигрант менен качкындардын саны 1159га жеткен. Алардын көпчүлүк бөлүгү Греция менен Италияга бет алганы айтылат. 

Ошондой эле Түркиядан Грецияга келген мигранттардын саны 430га жеткен. Маалыматта былтыркы жылы ушул убакта 22 миң 322 мигрант менен качкындар келгени айтылат. 

Европа Экинчи дүйнөлүк согуштан бери миграциялык кризис менен алышып келет. Ал эми азыркы учурда Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка өлкөлөрүндөгү экономикалык көйгөйлөр жана согуштардан улам Европага бет алган качкындар менен мигранттардын саны өсүүдө. 

Жаңылыктар түрмөгү
0