16:05 28 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Стамбулдун Зейтинбурну районунда көп кабаттуу имарат урады

Стамбулда эски имарат урап, эки адам каза болду

© REUTERS / Huseyin Aldemir
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
153 0 0

Имарат кооптуу абалда болгондуктан, ал ураган маалда ичинде эч ким болгон эмес.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Стамбулдун Зейтинбурну районунда көп кабаттуу имарат урап, эки адам көз жумгандыгын NTV телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды. 

Казакстандын Шахан поселогундагы урап түшкөн көп кабаттуу үй
© Фото \ пресс-служба акима Карагандинской области
Алгач алты кабаттуу үйдүн урандысында калган бир адам каза болгону, дагы бешөө ар кандай жаракаттарды алганы кабарланган. 

Маалыматка караганда, каза болгондордун бири алты жашар бала. 

Имарат кооптуу абалда болгондугу үчүн ичинде эч ким болгон эмес. Каза болгондор жана жабыркагандардын баары жанынан өтүп бараткандар экени айтылды. 

Жеринде куткаруучулар иштеп жатат. Урандынын алдында дагы адамдар болушу толук мүмкүн экени кошумчаланды.

Тема боюнча

Шымкенттеги окуя: урап түшкөн 2 кабаттуу үйдөгү ымыркайды бешик сактап калган
Казакстанда урап калган көп кабаттуу үйдүн алдынан 11 жашар кыз табылды
Белгилер:
кырсык, өлүм, Түркия