Трамптын кызы Иванка бизнестен убактылуу кеткендигин айтты

© AFP / Brendan SMIALOWSKI АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын кызы Иванканын архивдик сүрөтү
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын кызы Иванканын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаршемби күнү Трамп анын бизнесин башкаруу уулдары Дональд жана Эрикке өтөрүн жар салган.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын кызы Иванка атасынын кызматынан улам Trump Organization компаниясын таштап, бизнестен убактылуу кеткендигин айтты. 

Буга чейин Трамптын күйөө баласы, Иванканын жубайы Жаред Кушнердин Ак үйдө АКШ президентинин кеңешчиси болору, кызы ал жакта иштебестиги айтылган. 

"Атам АКШнын 45-президентинин ишине киришкенден кийин, мен кийим жана ар кыл аксессуарларды чыгарган Trump Organization компаниямдан убактылуу кетип, эс алууга чыгам. Компаниянын ишмердүүлүгүнө катышпайм", — деп жазган Facebook социалдык тармагындагы баракчасына. 

Шаршемби күнү Трамп анын бизнесин башкаруу уулдары Дональд жана Эрикке өтөрүн жар салган. Анын айтымында, уулдары ишти кынтыксыз алып кетүүгө жөндөмдүү жана атасы менен кеңешүүгө муктаж эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0