БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Буэнос-Айресте улуттук курам менен "Барсанын" чабуулчусу Лионель Мессинин эстелигинин жарымын араалап кетишти. Бул тууралуу Espnfc порталы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, эстеликтин буту жана топ гана калган. Калган бөлүгүн кылмышкерлер көтөрүп кетишкен.
The statue of Lionel Messi in Buenos Aires has somehow been cut in half by vandals pic.twitter.com/JFVIWhEeYO
— Peter Coates (@golazoargentino) 9 января 2017 г.
Шаардык милиция бул фактыны вандализм деп атап, учурда кылмышка шектүүлөрдү издеп жатат.
Атактуу оюнчуга эстелик өткөн жылдын июнь айында коюлган.