Мэр деп ушуларды айт! Кыялда жүргөн шаар башчылары…

© AFP / Ki PriceЛондон шаарынын мэри Борис Джонсон жана Голливуд актеру Арнольд Шварценеггер. Архивд
Лондон шаарынын мэри Борис Джонсон жана Голливуд актеру Арнольд Шварценеггер. Архивд - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер Бишкектин жаңы мэри велосипед менен жүрүп, жеке кабинетинен баш тартып, кылмыштуулукту 70 пайызга кыскартып, Интернеттен элге жасаган иши тууралуу айтып, бир нече жыл ичинде шаарды өзгөртө алса — ал жөнүндө бүтүндөй дүйнө сөз кылары шексиз.

11-январь күнү Бишкек шаардык кеңеши мэр шайлайт. Калаа башчылыгына же учурдагы мэр Албек Ибраимов, же "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынан көрсөтүлүп жаткан Нурдин Абдылдаев келет. Шайлоого сыртынан көз сала турган шаардыктар жаңы жетекчи төмөндө сөз кылчу мэрлердей болуп жакшы иштеп берет деп үмүт артып турушат.

© AFP / THOMAS COEXБразилиядагы Куритиб шаарынын мурдагы башчысы Жайме Лернер
Экс-мэр бразильского Куритиба Жайме Лернер - Sputnik Кыргызстан
Бразилиядагы Куритиб шаарынын мурдагы башчысы Жайме Лернер

Жайме Лернер — жеңил, бирок жемиштүү

1971-жылы Бразилиянын Куритиб шаарына архитектор жана инженер Жайме Лернер мэр болуп шайланат. Калаа башчысын тамтыгы чыккан тар көчөлөр, унаа тыгындары, чектен ашкан жакырчылык сыяктуу көйгөйлөр күтүп турган эле. Лернер баш оорудан арылуунун жөнөкөй жолун тапкан — мэр шаарды тазалоодон чыккан таштанды салынган бир капка тамак-аш жана коомдук унаада бекер жүрүүгө жол ачкан билет бере баштаган. Мындан тышкары, Куритибдин айланасын жээктен чыккан суу каптап кетчү. Лернер ал жерлерди сатып алып, парк кура баштаган. Анда өскөн чөптөн арылуу үчүн кой жайып жиберчү. Малдын жүнү башка муктаждыктарга жумшалган. Муну менен бирге мэр өзгөчө транспорттук система ойлоп таап, ал шаарга турак жай куруп, калааны өнүктүрүүгө шарт түзгөн.

© AFP / ERIC PIERMONT Bloomberg компаниясынын башкы директору Майкл Блумберг
Генеральный директор компании Bloomberg Майкл Блумберг - Sputnik Кыргызстан
Bloomberg компаниясынын башкы директору Майкл Блумберг

Майкл Блумберг — жеке кабинети 

Церемония зажжения главной новогодней елки Кыргызстана 2017 - Sputnik Кыргызстан
Мэрликти мелжегендер: Ибраимов Абдылдаевдин чакырыгын кабыл алды
Көптөргө бул адам маалымат менен камсыз кылган фирманын негиздөөчүсү катары белгилүү. Элдин көбү эле Нью-Йорктун мэринин иш бөлмөсү жоктугун биле бербейт окшойт. Блумберг бир ирет коомчулукка кол алдында иштегендер менен отурган иш ордун көрсөткөн. 

"Чоң алманын" башчысы ал тургай бюджеттин таңкыстыгын кыскартып, билим берүү системасын реформалап, коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салып жана шаардыктар үчүн "түз чала турган телефон" номерин иштеткен. Ал эми коомдук транспорт тармагына анча көп өзгөртүү киргизген эмес. Анын жетекчи болуп келиши менен троллейбус каттамы өркүндөп, 250 чакырымга велосипед жолу салынган. Нью-Йорктун бир катар көчөлөрүнө коомдук транспорттон башка автоунаалардын жүрүшүнө тыюу салган. Ошентип, шаардын арбын жашоочулары автобус, троллейбус менен жүрө баштаган. 

© AFP / EITAN ABRAMOVICHКолумбиянын Богота шаарынын башчысы Антанас Мокус
Бывший градоначальник колумбийской Боготы Антанас Мокус - Sputnik Кыргызстан
Колумбиянын Богота шаарынын башчысы Антанас Мокус

Антанас Мокус — кылмышты 70 пайызга кыскарткан

Колумбиянын Богота шаарынын башчысы 1995-жылы кызматка келгенден тарта кылмыштуулукту 70, ал эми жол кырсыктарын 50 пайызга кыскарткан. Ал түндөп иштеген эс алуучу жайлардын баарын жаптырып, шаардыктардын өздөрүн кошо кайгуул топторго кошуп койгон. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдар үчүн "түз чала турган телефон" номерлерди ачкан. Мындай чаралар коррупциянын деңгээлин кадыресе төмөндөтүүгө жардамчы болгон. Шаарда ары бери каттагандардын жашын сураган бир нече сааттаган автотыгындарды көрүүгө болот эле. Жаңы мэр да мунун жолун тапкан. Ал көчөгө 420 мимдерди алып чыгып, жол эрежесин бузгандар менен автотыгынга себеп болгондорду мазактоого буйрук берген. Бул кишинин дагы бир жаңылыгы, атайын тактайчаларды орнотуп, айдоочуларды бири-бири менен жарык маанайда иштөөгө жетелеген. Мокус башчы болуп келгенден тарта шаар гүлдөп, өзгөрө баштаган. Мэр бюджетти да толтурганга жетишкен. Ага жергиликтүү жашоочулар Богота шаарын кайрадан куруп чыкты деген образдуу баасын берип келишет. 

© Sputnik / Игорь Подгорный / Медиабанкка өтүүПетрозаводск шаарынын мэри Галина Ширшина
Мэр Петрозаводска Галина Ширшина - Sputnik Кыргызстан
Петрозаводск шаарынын мэри Галина Ширшина

Галина Ширшина — шайлоочуларына интернет аркылуу отчет берген мэр айым

Эмгек батыштын гана шаар башчыларын даңазалап тим болгон жок. Петрозаводск шаарынын жетекчиси Галина Ширшина ага чейин мугалим, анан басма үйүндө директор болуп иштеген. Ал шаар башчылыгына шайлангандан кийин, инаугурация салтанатын жасаган жок. Жергиликтүү кеңештин депутаттары иштен кетсе компенсация каралат деген эрежени четке каккан. Ширшина шайлоочуларына ишмердүүлүгү боюнча отчетун интернет аркылуу берип турган. Ал көчөлөргө Wi-Fi орнотуп, андан сырткары коомдук транспортто электрондук тартип менен тейлөөнү киргизген. 

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЛондондун мурдагы мэри Кен Ливингстон автотыгындарды жоюунун ыкмасын ойлоп тапкан
Бывший мэр Лондона Кен Ливингстон - Sputnik Кыргызстан
Лондондун мурдагы мэри Кен Ливингстон автотыгындарды жоюунун ыкмасын ойлоп тапкан

Кен Ливингстон — автотыгындарды жоюунун ыкмасын ойлоп тапты

Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекти бийлей турган талапкерлер тууралуу 5 факты
Дал ушул адам кызматка келгенден тарта Лондондун жүзү деп аталган — эки кабаттуу кызыл автобустар пайда болду. Ливингстон автобус айдоочуларынын жүгүн жеңилдетип, атайын карточканы колдонуп интернет аркылуу жол төлөм кылуу системасын киргизди. Өзүнчө каттамдарды киргизген. Жаңы мэр Англиянын кире беришинде акы төлөй турган жайларды орнотуп, андан түшкөн каражатты муниципалдык транспортту оңдоого жумшаган. Мындай ыкма менен сааттап турган автотыгын да азайган. Ийгиликтүү деп эсептелген бул жолду дүйнөнүн башка шаарлары да колдоно баштаган. Ал эми Ливингстондун ордуна келген Борис Жонсон ишке велосипед менен келген жетекчи катары эсте калды.

Материал интернет айдыңындагы ачык маалыматтардан алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0