Ким Чен Ындын көзүн тазалоо үчүн АКШ менен Түштүк Корея аскер даярдайт

© AFP / JUNG YEON-JEЕжегодных совместные военные учения Южной Кореи и США
Ежегодных совместные военные учения Южной Кореи и США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналисттердин жазганына караганда, Түндүк Кореянын аскерий-саясий жетекчилигин жок кыла турган жоокерлердин саны 2000ге жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Корей жарым аралында согуш башталып кетсе Корея Республикасы менен Американын атайын даярдыктагы аскерлери Корея Элдик Демократиялык Республикасынын жетекчиси Ким Чен Ынды жок кылуу үчүн атайын бөлүк түзүүнү пландап жатат. Бул туурасында Ренхап агенттиги Түштүк Кореянын аскер түзүмдөрүндөгү маалымат булактарына таянып жазды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан
БУУ Түндүк Корея боюнча резолюция долбоорун иштеп чыгышты
Жогоруда айтылган бригаданын курамындагы аскерлердин саны эки миңге чейин жетиши мүмкүн. Маалымат берген адамдын айтымында, операцияга катыша турган америкалыктар түндүк кореялык командачылыкка баш ийиши зарыл. Биргелешкен машыгуулар аткарыла турган операциялардын болжолдуу сценарийи боюнча болот. 

Быйыл Түштүк Корея бийлиги машыгуулардын санын арбытуу боюнча келишим түзгөн. Эгер согуш башталып кетсе атайын даярдыктагы бригадага Түндүк Кореянын жогорку аскердик жана саясий жетекчисин жок кылуу милдети тагылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0