Түркияда өлтүрүлгөн элчи Карловдун иши боюнча беш киши камакка алынды

© AP Photo / Burhan OzbiliciВооруженное нападение на российского посла в Анкаре
Вооруженное нападение на российского посла в Анкаре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Камакка алынгандардын ичинен төртөө элчини аткан полициянын мурдагы кызматкери Мевлют Мерт Алтынташ менен кошо кызмат өтөгөнү айтылды.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Түркия полициясынын жүргүзгөн сурактарынан кийин Анкарада атып өлтүрүлгөн Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловдун иши боюнча беш киши камакка алды. Бул туурасында РИА Новости жазды.  

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Ибрагим Жунусов: элчини аткан киши менен тиктешип калганда полиция деп ойлогом
19-декабрда Анкарада өтүп жаткан сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземинде россиялык элчи Андрей Карловго ок атылып, оор абалда ооруканага жеткирилген. Алган жараатынан улам дипломат көз жумган. Элчиден башка үч адам жабыркаган. Ок аткан кылмышкер жергиликтүү полиция тарабынан ошол жерде атып өлтүрүлгөн. 

Маалыматта камакка алынгандардын ичинен төртөө элчини аткан полициянын мурдагы кызматкери Мевлют Мерт Алтынташ менен кошо кызмат өтөгөн. Прокуратура "кармалгандардын бири ислам үгүттөөчүсү Фетхуллах Гюлендин уюмунун мүчөсү болгон" деп билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0