АКШ өткөн жылы 7 өлкөгө 26 миңден ашык бомба таштаган

© REUTERS / THAIER AL-SUDANIИрак. Архив
Ирак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай маалыматтарды адситер Пентагон жарыялаган маалыматтарга таянуу менен билдирген.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Узаган жылдын ичинде АКШ жети өлкөгө 26 миң 171 бомба таштаган. Бул тууралуу РИА Новости Американын тышкы саясат жана улуттук коопсуздук боюнча эксперти Мика Зенкого шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Флориданын Форт-Лодердейл аэропортунда атышуу болгон жердеги полиция кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Флориданын аэропортундагы атышуудан 5 адам набыт болуп, 37 киши жаракат алды
АКШ 12 миң 192 бомбаны Сирияда, 12 миң 95 бомбаны Иракта, 1337 бомбаны Афганистанда, 496 бомбаны Ливияда, 34 бомбаны Йеменде, 12 бомбаны Сомалиде жана 3 бомбаны Пакистанда жардырган. 

Мика Зенконун айтымында, АКШ өткөн жылы 2015-жылга салыштырмалуу 3027ге ашык бомба таштаган. Мындан сырткары Ливия буга чейин тизмекте жок болгон. 

Эксперт кесиптеши Женнифер Уилсон менен биргеликте Пентагон жарыялаган маалыматтарды иргеп чыккан соң, ушундай жыйынтыкка келген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0