Пакистанда поезд рикшаны кагып кетип, жети окуучу каза болду

© AFP / Arif Ali Моторизированные повозки-рикши в Лахоре
Моторизированные повозки-рикши в Лахоре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кагышуудан дагы беш бала жана айдоочунун бири жабыр тартты.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Пакистанда моторлуу эки рикшаны темир жолду кесип өтүп бараткан жеринен поезд кагып кетип, жети окуучу каза болгонун Ассошиэйтед Пресс агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазып чыкты.

Продолжаются поисковые работы в районе авиакатастрофы Ту-154 в Сочи - Sputnik Кыргызстан
Кулап түшкөн Ту-154 учагынын негизги фрагменттери сыртка чыгарылды
Маалыматка караганда кырсык бүгүн эртең менен Лодхран шаарынан алыс эмес жайгашкан Пенджаб провинциясында болгон. 

Полиция өкүлү Джавед Ахмеддин айтымында, коюу тумандын айынан арабалардын айдоочулары келе жаткан поезддин анык ылдамдыгын биле алышкан эмес. Ошондой эле ал кесилишке шлагбаум коюлбаганы кабарланды.

Кырсыктан дагы беш бала жана айдоочулардын бири жабыр тартты.

Жаңылыктар түрмөгү
0