Суу жээгине жайнап чыккан "Киндер-сюрприздерди" балдар чогултуп жатат

© AP Photo / Klaus Kremer / dpaПластиковые яйца на пляже немецкого острова в Северном море Лангеог
Пластиковые яйца на пляже немецкого острова в Северном море Лангеог - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Германияда жээкке топтолуп калган оюнчуктар менен шоколаддарды жыйноо үчүн кичине балдар тартылган.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Германиядагы Лангеог аралынын жээгинде капысынан эле "Киндер-сюрприз" жана балдардын оюнчуктары пайда болуп калганын Associated Press маалымат агенттиги билдирди. 

Жаңы жылдык майрамдагы Аяз ата. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москва: кыргызстандык жаран балаты майрамындагы башаламандыкты жөнгө салды
Маалым болгондой, бороондун айынан Германиянын Бремерхафен портуна келе жаткан жүк ташуучу кеменин желим "жумурткалар" менен оюнчуктар жүктөлгөн бир нече контейнери сууга түшүп калган. Кийин контейнерлердин ичиндегилерди толкун жээкке сүрүп чыгарган. 

Жергиликтүү бийлик "жээк эриген шоколаддарга толуп, булганып калбасын" деп аны тазалоо үчүн бала бакчадагы балдарды алып барышкан. Наристелер кубануу менен жээкти тазалап беришкенин ЖМКлар жазып чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0