ТИМ: жардырууну уюштурду деп Измирде кармалгандардын арасында КР жарандары жок

© AP Photo / Tsvangirayi MukwazhiЗадержанный правозащитник в Хараре, Зимбабве
Задержанный правозащитник в Хараре, Зимбабве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын полициясы Стамбулда теракт уюштурду делгендерди кармоо боюнча Измир шаарында атайын операция жүргүзүп, 40 кишини кармаган.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарында теракт жасоого шектелип Измир шаарында кармалгандардын арасында алдын ала алынган маалыматтар боюнча Кыргызстандын жарандары жок экенин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Белгилей кетсек, Түркиянын полициясы Стамбулда теракт уюштурду делгендерди кармоо боюнча Измир шаарында атайын операция жүргүзүп, 40 кишини кармаган.

Избитый в Стамбуле гражданин Туркменистана, который похож на террориста расстрелявшего посетителей ночного клуба - Sputnik Кыргызстан
Стамбулдун тургундары террорчуга окшоштуруп түркмөн жаранын сабап салышты
Эскертсек, кармалган жарандар 31-декабрда Стамбулдагы түнкү клубда ок чыгарган террорчу менен ноябрь айынан бери чогуу жашап келген. 40 кишинин 20сы балдар, тогузу аял жана 11и эркек. Алар Дагестан, Сириядан келгендер жана кытайлык уйгурлар экенин полиция маалымдап, жандарынан Кыргызстандын, Казакстандын паспорттору табылганын кошумчалаган.

Кармалгандар "Ислам мамлекети" террордук тобу менен байланышы бар деп шектелүүдө.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулдагы терактыга байланыштуу абалга көз салып жатат.

Эске салсак, жаңы жыл түнү белгисиз бирөө Стамбулдагы Reina клубуна кирип келип, ок чыгарган. Анын кесепетинен 39 киши каза болуп, 69 киши түрдүү жаракаттарды алган. Бул каргашалуу окуянын жоопкерчилигин “Ислам мамлекети” террордук тобу өзүнө алган.

Кыргыз паспортунун кадырына шек келтирген фактылар тууралуу Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0