ЖМК: Англия королевасын күзөтчүсү атып ала жаздады

© AFP / JUSTIN TALLISАнглиянын королевасы Елизавета II архивдик сүрөтү
Англиянын королевасы Елизавета II архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя кайсы убакта болгону тууралуу так маалымат жок.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Англиянын королевасы Елизавета II түн ичинде Букингем сарайында сейилдеп жүргөндө өз күзөтчүсү атып ала жаздаган. Бул тууралуу Independent гезити жазып чыкканын РИА Новости билдирди.

Окуя тууралуу гезитке мурда күзөтчү болуп иштеген адам айтып берген. Бир жолу ал сарайдын ичин кайтарып турган учурда, караңгыда бир караан көрүп, атууга камданып калган. Ал уйкусу качып басып жүргөн королева Елизавета II болуп чыккан.

"Аз жерден сизди атып ала жаздадым деген күзөтчүгө королева Елизавета "мындан кийин мени атып албаш үчүн эртерээк сизге чалып айтып коем", — деп жооп берген. 

Окуя кайсы убакта болгону тууралуу так маалымат жок. Гезиттин билдирүүсүнө ылайык, королева узак убакытка сейилдөөгө чыккан өңдүү үстүнө пальто кийип алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0