АКШда эки башка жылы эгиз уулдар жарыкка келди

© flickr.com / Jason PrattРука новорожденного малыша
Рука новорожденного малыша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ымыркайлардын бири Сойер 2016-жылдын 31-декабрь түнкү саат 23:51де төрөлсө, ал эми анын иниси Эверетт 2017-жылдын 1-январында саат 00:01де жарык дүйнөгө келген.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Американын Аризона штатында бир нече мүнөт айырма менен эки башка жылы төрөлгөн эгиз уулдар тууралуу РИА Новости CNN телеканалына шилтеме берип кабарлады.

Жаңы жылдын түнүндө Брендон жана Холли Шэйлердин үй-бүлөсүндө жарыкка келген балдардын бири Сойер 2016-жылдын 31-декабрь түнкү саат 23:51де төрөлсө, ал эми анын иниси Эверетт 2017-жылдын 1-январында саат 00:01де жарык дүйнөгө келген. 

"Негизи биз ойлогондой эле болду", — деди эгиздердин атасы.

Маалыматтарга ылайык, Атлантада, Жоржияда жана Калифорниянын Сан-Диего шаарында ушуга окшогон эки окуя катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0