Трамп алгачкы маалымат жыйынын өткөрө турган күнүн айтты

© REUTERS / Shannon StapletonИзбранный президент США Дональд Трамп
Избранный президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ президентинин инаугурациясы 20-январда Вашингтондо өтөт. Аземге 3 миллионго жакын адам катышат.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Жаңы шайланган президент Дональд Трамп маалымат жыйынын 11-январда Нью-Йоркто өткөрөт. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

​"Мен жалпы маалымат жыйынын 11-январда Нью-Йоркто өткөрөм. Сиздерге рахмат", — деп Трамп өзүнүн Twitter баракчасына жазды. 

АКШ президентинин инаугурациясы 20-январда Вашингтондо өтөт. Аземге 3 миллионго жакын адамдын катышуусу күтүлүүдө. Ошол эле күнү Трамп АКШ президентинин Twitter баракчасын колдонууга мүмкүндүк алат. Анда 13 миллион адам катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0