2016-жылы ар кыл аймактардагы терактылардан 93 журналист каза тапкан

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүОткрытие выставки "Правда в объективе: вооруженные конфликты XX–XXI веков глазами военных журналистов"
Открытие выставки Правда в объективе: вооруженные конфликты XX–XXI веков глазами военных журналистов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дагы бир түйшөлткөн жагдай — дайынсыз кеткен журналисттер болууда.

БИШКЕК, 31-дек.— Sputnik. Узап бара жаткан 2016-жылы ишке байланышкан кырсыктардан улам 93төн кем эмес журналист каза тапкан. Бул туурасында РИА Новости журналисттердин эл аралык федерациясынын (IFJ) маалыматына таянып кабарлады. 

Поисково-спасательные работы у побережья Черного моря, где потерпел крушение самолет Минобороны РФ Ту-154. - Sputnik Кыргызстан
Россиянын Ту-154 учагы кантип кыйраганын күбө айтып берди
IFJ журналисттер 23 өлкөдө терактылар менен атышуудан курман болгондугун билдирди. Кандуу аймактардын биринчи сабында Ирак туруп, аталган мамлекетте 15 журналист каза тапса, экинчи орунда 13 киши деген статистика менен Афганистан турат. Ал эми 11 журналист Мексикада мерт болуптур. 

Федерация дагы 29 кабарчы эки авиакырсыктан көз жумгандыгын жазды. Алардын арасында Бразилиядан учкан спорттук 20, ал эми аскер учактагы россиялык тогуз журналист болгон. 

Дагы бир түйшөлткөн жагдай — дайынсыз кеткен журналисттер болууда. Аталган уюм, алар, тилекке каршы, тирүү эмес деп боолгологону менен өлгөнүн тастыктаган маалыматтар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0