Чабан Аяз ата, күрүч кеме, саман куурчак — Жаңы жылды дүйнө эли кантип тосот

© REUTERS / Mariana BazoНовый год в Перу
Новый год в Перу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жыл дегенде эле ар бирибиздин көз алдыбызга оливье салаты, мандарин, балаты, Аяз ата келет. Бул жыл илгерки Месопотамиядан башталып азыркыга чейин өзүнүн актуалдуулугун жоготпой майрамдалып келет.

Ал эми кайсы мамлекет майрамды кантип, качан тосот жана эмнеси менен өзгөчөлөнөрүн билесизби? Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги эң кызыктуу делген фактыларды сунуштайт.

Бишкекте сатылып жаткан балатылардын баасы - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин кайсы жеринен, канча сомго балаты сатып алса болот
1. Байыркы Вавилондо бул майрамды жазында белгилешкен. Жергиликтүү тургундар жаңы жылды эркин майрамдашы үчүн падыша өзүнүн жан-жөкөрлөрү менен шаардан чыгып кеткен.

2. Микронезияда жаңы жыл салттуу түрдө 1-январда белгиленет. Бул күнү аралда жашагандардын баары жаңы ысымга ээ болуп, аны жакындарына шыбырап айтышат. Шыбырларын жин-шайтандар угуп калбасын деп жакындары ошол маалда барабанды катуу ургулашат.

3. Италияда майрамдын алдында эски кийимдерин терезеден сыртка ыргытышат. Канчалык көп буюм ыргытылса, жаңы жылда ошончолук байлык жана ийгилик келет деген ишеним бар.

4. Японияда жаңы жылды таң аткан учурда тосушат. Алар бири-бирине "Такара бунэ" деп аталган күрүч толтурулган кеме сувенирин беришет. Себеби "Такара бунэ" деген жел кемесинде жети сыйкырчы, ийгиликтин жети атасы жана бакыттын жети кудайы сүзүп жүрөт деп ойлошот. Ошол кемеге күрүч салынганы — бакубат жашоо менен бакыттын белгиси.

5. Тибеттиктер жаңы жылдын алдында токоч жасап, аны жолдон өткөндөргө таратышат. Канчалык көп токоч берилсе, ошончолук көп байлык келет деген ишеним бар. 

Новогодние елки в разных городах мира - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөнүн ар бурчундагы жаңы жылдык балаты
6. Монголияда жаңы жыл менен удаа айыл чарба майрамы майрамдалат. Анда жалаң эттен даярдалган тамак-аштар жасалат. Дагы бир кызыгы — Аяз ата кызыл эмес, териден жасалган чабандын кийимин киет. 

7. Скандинавияда майрамдык дасторконго бадамдын бир данеги салынган күрүч боткосу коюлат. Ким ошол данекти таап алса, ал ошол жыл бою бактылуу болот деген ишеним калыптанган. 

8. Англияда түнкү саат 12ге аз калганда үйдүн арткы эшигин ачып, эски жылды узатышат. Ал эми сааттын жебеси 00.00дү какканда алдыӊкы эшикти ачып, жаңы жылды тосуп алышат.

9. Кубада майрам күнү үйдөгү болгон идиш-аякты суу менен толтурушат. Ал сууну жаңы жылдын түнүндө эшикке чачышат. Бул күнөөлөр суу менен кошо чыгып кетсин дегенди түшүндүрөт. Мындан тышкары, Кубада жаңы жыл майрамын "Падышалар күнү" деп аташат. 

10. Эквадорлуктар жаңы жылдын алдында кагазга бүт терс көрүнүштөрдү жазып, аны самандан жасалган адам сымал куурчак менен кошо өрттөшөт. Бул жамандыктын баары ошону менен чыгып кетсин деген маанини туюндурат. 

Новогодние подарки близким - Sputnik Кыргызстан
Ара-чолодо ала койчу белектер. Кыргызстанда Жаңы жылга эмне белек беришет
11. Шотландияда жаңы жылдын биринчи күнүндө кыздын колун сурабайт жана таштандыны эшикке таштабайт.

12. Эфиопияда жаңы жылды 11-сентябрда тосушат. Кызыгы, ал мамлекетте дагы деле Юлиан календары колдонулуп келет.

13. Шотландияда 1-январга караган түнү эл шарап, бир даана таш көмүр жана бир кесим таттуу нан алып, жакындарынын үйүн кыдырышат. Көмүр жылуулукту чагылдырса, шарап менен нан — токчулук менен молчулуктун белгиси.

14. Германияда белектерди терезенин текчесине коюшат. Кичинекей балдар Вайнахтсман деген Аяз ата таштап кетиптир деп ишенишет. Швецияда да Юль Томтен деген аяз ата белектерди мешке "коюп кетет".

Жаңылыктар түрмөгү
0