Дүйнө жүзүндөгү эң бийик көпүрө аркылуу унаалар жүрө баштады

© REUTERS / Stringer Дүйнө жүзү боюнча эң бийик деп таанылган Кытайдагы асма көпүрө. Архив
Дүйнө жүзү боюнча эң бийик деп таанылган Кытайдагы асма көпүрө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узундугу 1341 метрди түзгөн көпүрөнүн курулуш иштерине 150 миллион доллар кеткен.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Дүйнө жүзү боюнча эң бийик деп таанылган Кытайдагы асма көпүрө аркылуу унаалар жүрө баштады. Бул тууралуу РИА Новости China News Service агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.  

Көпүрөнүн курулуш иштери сентябрь айында аяктаган. Анын эң бийик точкасы жерден 565 метр жогору. 

Узундугу 1341 метрди түзгөн көпүрөнүн курулуш иштерине 150 миллион доллар сарпталган. Конструкция Чжэцзян провинциясындагы Ханчжоу шаары менен Юньнань провинциясындагы Жуйли шаарын байланыштырып турат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0