Куш тумоосунан улам Япония 90 миң тоокту жок кылды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүПтицефабрика в Омской области
Птицефабрика в Омской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин эки префектурада аталган оорудан улам жарым миллионго чукул үй канаттуулары жок кылынган.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Куш тумоосунан улам Япониянын Кумамото префектурасында 90 миңден ашуун тоок жок кылынганын Киодо агенттигине таянуу менен РИА Новости билдирди.

Маалыматка ылайык, аймактардын биринен өлгөн 50 тоок табылган. Текшере келгенде алардын баары куш тумоосун жуктуруп алганы аныкталган. Мындан улам үч чакырым аралыкта багылган 93 миң тоок жок кылынган. Эки күнгө созулган ишке 450 кызматкер тартылган.

Куш тумоосунан улам декабрь айынын башында Ниигата жана Аомори префектураларында жарым миллиондун тегерегиндеги тоок менен өрдөк дагы жок кылынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0